Кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Тизме
Кечээ, 27-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Өлкөнүн кыргыз күрөш боюнча чемпиондугу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Чемпиондукта эркектер 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96 жана +96 килограмм салмакта, ал эми кыз-келиндер 60, 66 жана +66 килограмм салмак категорияларында күч сынашты.
Кыз-келиндер арасында:
60 килограмм салмак ченинде:
Бегай Бейшенаалы кызы – 1-орун;
Ырысхан Ботбаева – 2-орун;
Сайкал Талантова – 3-орун;
Бегайым Акбалаева – 3-орун.
66 килограмм салмак ченинде:
Алина Молдокулова – 1-орун;
Ажар Исаева – 2-орун;
Алина Каныбекова – 3-орун;
Азиза Кенжебекова – 3-орун.
+66 килограмм салмак ченинде:
Айжан Анарбекова – 1-орун;
Адинай Алмазбекова – 2-орун;
Сейил Куватбек кызы – 3-орун.
Эркектер арасында:
+96 килограмм салмак ченинде:
Бахтияр Мирлан уулу – 1-орун;
Уларбек Күрүчбек уулу – 2-орун;
Орозбек Алмазбеков – 3-орун;
Акбар Бактыбек уулу – 3-орун.
96 килограмм салмак ченинде:
Асанкелди Нурказым уулу – 1-орун;
Шамшидин Израил уулу – 2-орун;
Орозбек Темирбеков – 3-орун;
Омуркан Суйунбеков – 3-орун.
90 килограмм салмак ченинде:
Бекзат Кубатов – 1-орун;
Зыямидин Садыбеков – 2-орун;
Салабаси Нурсултан – 3-орун;
Орозалы Садыралы уулу – 3-орун.
78 килограмм салмак ченинде:
Дастан Рысбеков – 1-орун;
Раатбек Рысалы уулу – 2-орун;
Ислам Нурказым уулу – 3-орун;
Айболот Аманов – 3-орун.
72 килограмм салмак ченинде:
Сыргабай Рамазанов – 1-орун;
Эрболот Кааров – 2-орун;
Арлен Эстебесов – 3-орун;
Байбол Саламат уулу – 3-орун.
66 килограмм салмак ченинде:
Бексултан Алтынбек уулу – 1-орун;
Кенжебай Нарынбай уулу – 2-орун;
Урматбек Жесикулов – 3-орун;
Мирбек Абдинасир уулу – 3-орун.
84 килограмм салмак ченинде:
Азизхан Мусабек уулу – 1-орун;
Нургелди Алтымышев – 2-орун;
Бекбол Шакиров – 3-орун;
Омокс Уланбек уулу – 3-орун.
60 килограмм салмак ченинде:
Толубай Шукуров – 1-орун;
Сымбатбек Алымбеков – 2-орун;
Эламан Базарбек уулу – 3-орун;
Урмат Кадырбек уулу – 3-орун.
Мелдештин негизги максаты Кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлде өнүктүрүү, курама команданы түзүү, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарына талапкерлерди тандоо болуп саналды.
Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан I, II жана III даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды.
Мындан тышкары 60, 84 жана +84 килограмм салмак ченинин чемпиондору VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















