super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Андижан шаары 2026-жылдын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды (видео)

 
Кечээ, 28-ноябрда Казакстандын Актау шаарында Түрк маданиятынын эл аралык уюму — ТҮРКСОЙдун туруктуу кеңешинин 42-жыйыны өттү. Жыйын Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаеванын төрагалыгы астында өткөндүгүн Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов катышты. Ал эми ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев “Актау 2025-жылы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” макамын аркалап, жыл бою түрк дүйнөсүнүн маданият жана искусствосунун башкы аянтчасы болуп келди” деп билдирди.
Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:
• ТҮРКСОЙ уюмунун келерки мезгилдеги ишмердүүлүгү;
• түрк элдеринин орток маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу;
• “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун аткарылышы боюнча отчёт;
• 2027-жылдын маданий борбору болуп тандалуучу шаардын аныкталышы.
Ошондой эле Өзбекстандын Андижан шаары 2026-жылдын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Мындан тышкары мурда кабыл алынган чечимге ылайык, 2026-жыл түрк дүйнөсүндө Зия Гёкалп жылы деп белгиленери эскерилди. Бул иш-чара түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтыгын тереңдетүүдө маанилүү этап болуп калды.





Андижан шаарын 2026-жылдын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: