super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Добуш сатып алууга байланыштуу талапкер шайлоодон четтетилип, ага тийиштүү эки үгүтчүсү кармалды

 

Бишкек шаарында шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бир катар мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милиция шайлоодо талапкерлердин биринин атынан добуш сатып алууну уюштурган адамдардын тобун аныктап, алардын ишине бөгөт коюлду. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөдө белгиленгендей, мыйзамсыз схема Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Л.А.нын жакын туугандары тарабынан уюштурулган. Шектүүлөр:

  • 1988-жылы туулган кызы С.И.

  • 1998-жылы туулган жээни Ш.Т.

Тергөө материалдарына ылайык, добуштарды сатып алуу үчүн 360 миң сом каражат бөлүнүп, акчаны алуу менен кошо шайлоочулардын тизмеси жана аткара турган тапшырмалар берилген.

26-ноябрда С.И. жана Ш.Т.га сыртынан айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган жана издөө жарыяланган. Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында эки шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аларды 23-декабрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды.

Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушуна ылайык, бир добуштан чечим менен талапкер Л.А. шайлоодон четтетилди.

Учурда тергөө уланууда. Добуш сатып алуу схемасына тиешеси бар башка адамдар да аныкталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: