Кыргызстандын U-18 футболчу кыздары Тажикстандын курамасын ири эсепте жеңди
Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстандын U-18 кыздар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын - CAFA U-18 Women’s Championship эл аралык мелдешинин жыйынтыктоочу туру алкагында Тажикстанга каршы кез келди.Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, Ташкент шаарында орун алып жаткан бул мелдешке Кыргызстандан сырткары Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан курама командалары катышууда.
Бүгүнкү беттеште кураманын кыздары 5:0 эсебинде тажистандык футболчуларды ири эсеп санында жеңди. Голдордун авторлору – Сумая Махаматсалиева (17'), Анеля Асанбекова (27'), Акылай Мейманалиева (30'), Акмарал Саякбаева (66', 68').
Испаниялык адис Антонио Месанын жетекчилиги алдында курама бул мелдештин алкагында буга чейин Иран жана Түркмөнстан курамаларын 1:0 эсебинде утуп, Өзбекстандан 3:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Ошентип кыздар курамасынын капчыгында 9 упай бар, ал эми мелдештин жалпы жыйынтыгы бүгүнкү Өзбекстан – Иран беттешинен кийин белгилүү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-12-03
21:06
2025-12-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















