Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилди
Бүгүн, 29-ноябрда Тажикстанда электр энергиясын чектөө тууралуу маалымат берилди. Бул чаралар Нурек суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу киргизилип жаткандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Чектөөлөрдүн негизги багыттары:
- Душанбеден башка аймактардагы 5 киловатка чейин энергия керектеген 1-топтогу колдонуучулар өчүрүлөт;
- "Акылдуу эсептегичтер" белгиленген тартипте убактылуу өчүрүлөт;
- Бюджеттик уюмдар жана мамлекеттик ишканалардын электр менен камсыздалышы саат 18:00дөн кийинки күндүн иш күнү башталганга чейин токтотулат;
- Негизги көчөдөн тышкаркы аймактардагы көчө жарыктарын өчүрүү;
- Электромобилдерди заряддоо станциялары саат 18:00дөн 22:00гө чейин өчүрүлөт.
Электр энергиясын керектөөнү рационалдуу пайдалануу жана алдын ала даярдык көрүү сунушталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















