super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Шайлоо-2025. Ош облусундагы жалпы 8 округда өнөктүк кызуу жүрүүдө

 
Ош облусундагы бардык шайлоо тилкелер саат 8:00дө ачылып, ишин баштады. Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районундагы №5220 шайлоо тилкесинде атуулдук милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аралыктан добуш берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кыфзматы билдирди.
Ыйгарымдуу өкүл облус тургундарын шайлоо жараянына активдүү катышууга жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле бул жолу өлкөдө таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
"Жергиликтүү бийлик органдары парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн бардык добуш берүү тилкелеринде талаптагыдай шарттарды камсыздаган. Ош облусунда жалпы 8 округ, 511 шайлоо тилкеси жана 811 миң 906 шайлоочу бар", - деп белгиленген маалыматта.

Учурда жалпы 461 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоочулар талапкерлердин бирөөсүнө гана добуш бере алат. Ал эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.

Айта кетсек, шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 гө чейин иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: