super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев добуш берди

 
Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев №5283 шайлоо тилкесинде аралыктан добуш берип, жарандык милдетин аткарды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэр шаар тургундарын шайлоого активдүү катышууга жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Быйылкы шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле тиешелүү органдарга добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер байкалса, аларга тыкыр көңүл бурула тургандыгын эскертти.
"Жергиликтүү бийлик органдары парламенттик шайлоону уюштуруу үчүн бардык добуш берүү тилкелерин талапка ылайык жабдып, шарттарды камсыздаган. Ош шаарында жалпы 105 шайлоо тилкеси бар. Анын 66сы №6 округ Ош шаары, 35и №5 округга, 4ү №7 округга карайт. Ал эми Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын 9 участкасы №6 шайлоо округуна кирет. Шаарда 161 миңден ашуун шайлоочу бар", - деп кошумчаланды маалыматта.
Айта кетсек, өлкө аймагы боюнча 2492, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштеп жатат. Учурда жалпы 461 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоочулар талапкерлердин бирөөсүнө гана добуш бере алат. Ал эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.





Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев добуш берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: