super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШнын штаттарынын биринде 45ке жакын унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды (видео)

 

АКШнын Индиана штатында катуу кар жаагандан кийин 45 унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Окуя Терре-Хот шаарынан болжол менен 16 чакырым алыстыкта орун алган. Индиана транспорт министрлигинин жол камераларындагы сүрөттөрдө трассанын унааларга толуп, айрымдарынын жолдон чыгып кеткендиги көрүнгөн.

Кырсыктан кийин жолдун батышты көздөй кеткен тилкелери толугу менен убактылуу жабылды. Полициянын маалыматына ылайык, бул багытты ачуу үчүн кеминде алты саат талап кылынмакчы.

Тийиштүү кызматтар олуттуу жаракат алган адамдар тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдиришти. Ошол эле учурда полиция тургундарды аба ырайы туруксуз болуп турган учурда үйдө болууга, жолдо ылдамдыкты азайтууга жана сөзсүз коопсуздук курун тагынууга чакырды.

Кырсык катталган Виго округунда кышкы бороон-чапкынга байланыштуу эскертүү жарыяланган. Бул эскертүү 30-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10:00гө чейин күчүндө болот.






АКШнын шаттарынын биринде 45ке жакын унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: