super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Шайлоо-2025: Кайсы округ активдүүлүгүн көрсөтүүдө?

 

Бүгүн, 30-ноябрда өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. БШКнын маалыматына таянсак, саат 16:00гө карата шайлоочулардын 25 пайызы, тагырагы 1 миллион 73 миң 444 адам добуш берүүгө катышты.

Шайлоочулардын добуш берүүсү боюнча №13 шайлоо округу алдыда. Азырынча аталган округда шайлоочулардын 32,19 пайызы катышты (шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 учаскалары, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди. Андан тышкары Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев, Алиев, Момбеков айыл аймактары, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарлары кошулган).

Экинчиде №30 окуруг. Бул округда шайлоочулардын 32,07 пайызы добуш берди (шайлоо округуна Нарын шаары, Ак-Талаа жана Нарын району, Ат-Башы району толук киргизилген).

Ал эми үчтүктү №4 шайлоо округу толуктайт. Аталган окуругда тизмеге кирген шайлоочулардын 31,44 пайызы добуш берди (шайлоо округуна Ноокат шаары, Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат, Гүлистан, Зулпуев, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Кыргыз-Ата, Мирмахмудов жана Насирдин Исанов айыл аймактары, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Кичик-Алай жана Чөгөм айылдары кирген).

Акыркы орунда №20 окуругу 16,37 пайыздык көрсөткүч менен турат (шайлоо округуна Аламүдүн району толугу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Манас айылы, Учкун МТУ-208, Маевка МТУ-207, Калыс-Ордо МТУ-205 толугу менен кирди. Ошондой эле Свердлов районундагы Лебединовка айылы МТУ-307, Аламүдүн айылы МТУ-306, Эне-Сай МТУ-305, Бакай-Ата МТУ-302, Чоң-Арык МТУ-108, Бишкек шаарынын Ленин району кошулган).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: