Бүгүн шайлоо күнү БШКга 59 арыз түшкөнү айтылды
Бүгүн, 30-ноябрда саат 8:00дөн 18:00гө чейин БШКга кезексиз парламенттик шайлоо боюнча ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу 59 маалымат түштү. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, үгүт иштерин бузуу боюнча 27, добуш сатып алуу тууралуу 12, техникалык бузуулар 4 жана башка маалыматтар 16.
"ИИМге 27 маалыматты өткөрүп бердик. БШКнын жумушчу тобуна 19 маалымат кетти. Аймактык округдук комиссияларга 13 маалыматты жибердик", - деди Кубатбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:21
2025-12-18
21:20
2025-12-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















