Beeline Кыргызстан Россиядагы «Билайн» номерлерине чалуу үчүн 120 мүнөт белекке берет

Beeline мамлекеттик уюлдук оператору аралыкка карабастан адамдарды бириктирет. Жаңы жылдын алдында компания бардык абоненттерине Россиядагы «Билайн» номерлерине чалуу үчүн 120 акысыз мүнөт белек кылат.
Топтом автоматтык түрдө кошулган жана Beeline Кыргызстандын ар бир абонентине жеткиликтүү. Эч кандай буйрутмалар жана кошумча аракеттердин кереги жок — жөн гана керектүү номерди терип, азыр баарлаша баштаңыз.
Акция 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейинки аралыкта иштейт. Beeline байланышты ар бир адам үчүн ишенимдүү, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат. Баарлашуу майрамдык маанайдын бир бөлүгү болуп саналган Жаңы жылга даярдык көрүү мезгилинде бул өзгөчө маанилүү. Россиялык Билайн номерлерине акысыз чалыңыз, жакындарыңыз жана досторуңуз менен алар азыр алыс болсо дагы жылуулук менен бөлүшүңүз.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















