Бишкекте мас айдоочу сүзүп кеткен 19 жаштагы кыз каза болду (видео)
Бишкек шаарында мас абалда унаа башкарган айдоочу сүзүп кеткен 19 жаштагы кыз каза болду. Маалыматты ЖКККББнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 30-ноябрда таңга маал болгон. Анда 19 жаштагы Т.Н. аттуу айдоочу Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаасы менен Жайыл Баатыр көчөсүндө бара жаткан 19 жаштагы К.А. аттуу кызды сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза тапкан.
Милиция кырсык болгон учурда айдоочу мас абалда болгонун билдирди.
Бул факт каттоого алынып, тергөө иштери башталды. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми унаасы айып короого токтотулду.
Бишкекте мас айдоочу сүзүп кеткен 19 жаштагы кыз болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















