Мурунку тартип сакчысы мас абалында унаа башкарып жүргөндө кармалды (видео)
Мас абалда унаа башкарган мурдагы укук коргоо органынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айдоочу наркологиялык экспертизадан өтүүдөн жана документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан. Ошондой эле унаасын токтоткон Кайгуул кызматкерлерин "эртең баарыңарды жумуштан алдырам" деп сөгүп, качууга аракет кылган.
Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн физикалык күч колдонууга жана талаптарды аткарууга мажбурлоого аргасыз болушкан.
Ал эми мас айдоочуга карата мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Мурунку тартип сакчысы мас абалында унаа башкарып жүргөндө кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















