Бишкекте курулушу кызуу жүрүп жаткан эң чоң "Азаттык Аренасы" стадионунун аты кайрадан өзгөрдү
Бишкектеги 51 миң көрүүчүгө ылайыкталып курулуп жаткан заманбап стадион “Бишкек Арена” болуп өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда стадионду “Азаттык Арена” деп атаган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, бул чечим өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан жарандардын пикирин эске алуу менен кабыл алынган.
Жаңы стадиондун ачылышы 2026-жылдын август айына пландалууда. Спорттук арена футбол жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташып, борбор калаанын спорттук инфраструктурасын жаңы деңгээлге чыгармакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-12-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















