super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунун имараты толук жаңыртылды

 
Бүгүн, 1-декабрда Ош шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана мекеменин жамааты катышкандыгын маалымат бөлүмү билдирди.
Мэрдин тапшырмасы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен борбордун имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Кароосуз, авариялык абалга кептелген имарат толугу менен жаңыланып, чатыры жабылып, бөлмөлөрдүн полдору жаңыланып, сырдалды. Ашканасына жаңы электр печкалары, аба алмаштыруучу системалары орнотулду жана балдар үчүн жаңы унитаздар, раковиналар, керебеттер, эмеректер коюлду.
Борбор 1960-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир да жолу капиталдык ремонт болгон эмес. Быйыл Жеңишбек Токторбаевдин рейддик кыдыруусунда көңүл сыртында калган имаратка маани берилген. Бул жайда ата-энелери баш тарткан бөбөктөр камкордукка алынып келет.
Жаңыланган борборго мэрия тарабынан белектер да тапшырылды. Балдарга керектүү каражаттар, турмуш-тиричилик техникалары жана оюнчуктар берилди. Ага кошумча борбордун ар бир кызматкерине мэр 2000 сомдон акча каражатын берди. Ош шаарынын мэриясы бул борбордогу балдарга колдоо көрсөтүүнү ушул темпте уланта берет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: