Каза болуп калган... Бишкекте "Тазалык" кызматкерин сүзүп качкан айдоочу кармалды
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен 36 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, кырсык 6 күн мурун, тагыраагы, 26-ноябрда саат 07:05 чамасында Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тилекке каршы, 59 жаштагы жабырлануучу 27-ноябрда таңга маал Улуттук госпиталда каза болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бишкекте тазалыкчыны сүзүп качкан айдоочу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















