super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Элдик банк, Mastercard жана Кыргыз футбол биримдигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

 
Элдик банк, Mastercard эл аралык төлөм системасы жана Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту, анын алкагында Элдик Банк жана Mastercard Кыргыз футбол лигасынын башкы өнөктөштөрү болушту.
Мындай өнөктөштүк өлкөнүн футбол инфраструктурасын чыңдоого, спорт маданиятын өнүктүрүүгө жана жайылтууга жана жаштар арасында дени сак жашоону калыптандырууга багытталган. Тараптар өлкөбүздө кыргыз жарандарынын арасында футболго болгон кызыгууну арттыруучу долбоорлорду колдоого, ойноочулар алкагын кеңейтүүгө жана спорттук демилгелерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү ниетинде болууда.
"Меморандумга кол коюу-Кыргызстанда футболду өнүктүрүү аракетиндеги маанилүү кадам. Банк, Mastercard жана КФБнин ортосундагы үч тараптуу кызматташуу өлкөбүздө бүтүндөй футбол коомчулугунун өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, деп ишенебиз. "Элдик Банк жаңы муундагы спортчуларды шыктандырган долбоорлорду колдоо менен спортко жалпы кызыкчылыктын жогорулашына олуттуу салым кошуп жатканын белгилегим келет", - деп белгилеп кетти Элдик Банк Башкармасынын Төрагасынын орун басары Медет Таиров.
"Mastercard көптөгөн өлкөлөрдө спорттун өсүшүнө жана кеңири билгилүү болушуна көмөктөшкөн программаларды дайыма колдоп келет. "Элдик Банк жана KФБ менен күч-аракетин бириктирип, көп жылдык дүйнөлүк тажрыйбасына таянуу менен, Mastercard эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды ишке ашырат жана Кыргызстандагы футбол маданиятынын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет", - деп баса белгиледи Mastercard компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европадагы башкы директору Сулейман Созери.
"Бул өнөктөштүк KФБ үчүн стратегиялык мааниге ээ. Mastercard жана Элдик Банк менен биргелешкен долбоорлор клубдар жана күйөрмандар үчүн кызмат көрсөтөт жана Лиганын позициясын бекемдейт. "Биз Кыргызстандагы футболдун келечеги жаатында бизге пикирлеш-санаалаш болгон алдыңкы уюмдар менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз", - деди KФБ биринчи вице-президенти Нурдин Букуев.
Жаш футболчулардын жана күйөрмандардын легендарлуу дүйнөлүк футбол жылдызы Сол Кэмпбелл менен жолугушуусу бул кызматташуу алкагындагы алгачкы иш-чаралардын бири болуп калды. Бишкекте өткөн иш-чарага көп сандаган күйөрмандар катышып, бул компаниялардын ийгиликтүү кызматташтыгынын ачык үлгүсү болду.
Меморандумга кол коюу - Лиганы өнүктүрүүгө, кыргыз футболун колдоого жана күйөрмандар менен байланышты бекемдөөгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн башталышы. Тараптар ошондой эле бул демилгенин алкагында конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзүнчө келишимдерди түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Mastercard жөнүндө
Дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашык өлкөдөгү адамдарды шыктандыруу менен, Mastercard жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө салым кошот. Компания кардарлары менен биргеликте ар бир адам гүлдөп-өнүгө турган туруктуу экономикалык чөйрөнү шарттайт. Mastercard санарип төлөмдөрүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, транзакциялардын коопсуз, жөнөкөй, акылдуу жана жеткиликтүү аткарылышына негиз болот. Технология жана инновация, өнөктөштүк жана байланыштар адамдарга, компанияларга жана өкмөттөргө тиешелүү долбоорлорду ишеничтүү ишке ашырууга жардам берет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: