super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Өлкөнүн бокс боюнча курамасы Дүйнө чемпиондугуна катыша албай калды. Себеби

 

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасынын көпчүлүк спортчулары Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катыша албай калды. Бул тууралуу Бокс федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13 спортчунун ичинен 10 боксчуга виза берилген эмес.

Федерация буга чейин Дүйнө чемпиондугуна 13 спортчуну расмий түрдө катышуучу катары көрсөткөн жана виза алуу үчүн керектүү бардык документтерди Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) тарабынан уюштуруучуларга тапшырган. Бирок документтерге карабастан, көпчүлүк катышуучуларга виза берилген эмес.

Натыйжада Дубайга эки боксчу жана башкы машыктыруучу гана жол тартты.

Кыргызстандан бул ири мелдеште төмөнкү спортчулар өкүлчүлүк кылат:

  • Омар Ливаза — 63,5 килограммга чейинки салмак;

  • Алмаз Орозбеков — 67 килограмм салмак категориясы.

Ошондой эле команда менен кошо башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу да бар.

Бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу бүгүн, 2-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында старт алат. Мелдеш 13-декабрга чейин Дубай шаарында өтөт. Турнирдин жалпы сыйлык фонду 8 миллион долларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: