Токон Мамытов менен Тажикстандын вице-премьер-министри жакында жолугушуп чек ара боюнча сүйлөшөт
Вице-премьер-министр Токон Мамытов менен Тажикстандын
вице-премьер-министри Муродали Алимардон 24 же 25-январда жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүсү күтүлүүдө. Маалыматтарга таянсак, жолугуп сүйлөшүүнү тажик тарап демилгеледи. Жолугушуу Бишкекте же Баткенде өтөрү айтылууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, 11-январда Баткендин Ак-Сай аймагында эки өлкөнүн чек арачылары атышып кеткен. Кыргыз тараптан 6 жоокер жаракат алып, алардын үчөөсү учурда Бишкек шаарында дарыланууда. Окуяда биринчи болуп тажик аскерлери ок чыгарган. Бирок тажик бийлиги муну моюнга албай, күнөөнү Кыргызстанга коюуда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

