super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Азиялык жаштар пара оюндарына сапар алган спортчуларга туу тапшырылды

 
Бүгүн, 2-декабрда Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтө турган Азия жаштар пара оюндарына катыша турган улуттук курама команданы узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Анда улуттук курама команданын капитаны, пара пауэрлифтинг боюнча спортчу Азизбек Нарбаевге мамлекеттик туу тапшырылган.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана спортчулардын коштоочулары катышкан.
Белгилей кетсек, Азия жаштар пара оюндары 7-14-декабрь күндөрү өтүп, өлкө атынан жалпы 40 адамдан турган делегация барат. Алардын курамында 20 спортчу, 10 машыктыруучу жана команданын башка мүчөлөрү бар. Биздин спортчулар сууда сүзүү, таэквондо, жеңил атлетика, стол тенниси, пауэрлифтинг, голбол, армрестлинг жана бочча сыяктуу спорттун 8 түрү боюнча таймашат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: