super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү айдоочу буга чейин жети жолу мас абалда кармалган (видео)

 
"Miss Universe Beauty" сынагын жеңген Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү болгон айдоочу Чыңгыз Кондубаев буга чейин жети жолу мас абалында унаа айдап жүрүп кармалган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган айдоочу мас абалда унаа башкарып эң акыркы жолу 30-ноябрда, ага чейин 14-июлда кармалган. Мындан тышкары, 2024-жылы эки жолу, 2021-жылы эки жолу жана 2020-жылы бир жолу мас абалда кармалган.
Белгилей кетсек, кечээ, 1-декабрда милициянын кайгуул башкармалынын кызматкерлери мурдагы укук коргоо органынын кызматкери Чыңгыз Кондубаев мас абалда унаа башкарып бара жатканда кармалганын билдирген. Андан кийин милиция аталган айдоочу 2018-жылы Сания Шакированын өлүмүнө алып келген жол кырсыгында күнөөлүү деп табылганы тууралуу маалымат берген.









02.12.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: