super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тарых изи калган шаарлар. Мен көргөн Түркия (сүрөттөр)

 

Түркиянын Туризм министрлигинин чакыруусу менен уюштурулган пресс-турга катышуу мүмкүнчүлүгү мага буюруп, тарыхтын изи калган аймактарды кыдырып келүүгө сапар тарттым. Стамбулдан тосуп алган өкүлдөр мейманкага жайгаштырган соң, түшкү тамактанууга алып барды. Анда 1 кылымга 3 жыл калган, 1928-жылдан бери өз кардарларына эшигин ачып келе жаткан "Хосрев" тарыхый ресторанынан даам сызып, сапарыбыз түрк ашканасы менен таанышуудан башталды. Ал жер өзүнүн нокоттон жасалган тамактары менен белгилүү экен.

Бул пресс-турда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан барган журналисттер тобу бирге болдук. Ал жерде тарыхты чагып, маданият, туризм багытын өзүнүн беш колундай билген Түркиядагы тажрыйбалуу, жогоруда аталган министрликтин жол көрсөтүүчүсү Мустафа Ялчын сапарыбыздын башчысы болду.

Кеч кирип сапарлаштар менен Босфордун жээгинде сейилдеп, Европа жана Азия континентин бириктирген шаардын кечки жашоо-турмушун көрдүк. Күндүзү тарых, кечинде жарыкка толгон чоң мегаполис өзүнө миңдеген туристтерди камтыйт. Босфордун көгүлтүр бети чоң жана чакан кемелерге толуп, жээктеги сарайлардын чагылышы термелип, жомоктогудай туюм калтырат.

Кечки тамак мелүүн жел соккон Босфордун жээгинде орун алды. Ресторанда бизге кызмат көрсөтүп жаткан жигит келген тамактардын ар бирине токтолуп айтып берди. Туристтерди тартууда, кадарларды көбөйтүүдө бул кадам абдан маанилүү экенин туйдум.

"Стамбулга сөзсүз келем" деп ниет кылып, сапардын чыныгы максатына өттүк. "Анадолу борборлору: байыркы цивилизациялар багыты" аталышындагы пресс‑турдун мүдөөсүнө жетүү үчүн Стамбулдан Токат, Амасия, Чорум шаарларына жол тарттык. Бул сапар Түркиянын көп айтылбаган, бирок тарыхы менен өзгөчөлөнгөн шаарларын көрүүгө жетелейт. Алгач Токатка токтолуп, шаардагы байыркы медреселерди, мечиттерди жана табигый кооздуктарын бааладык. Андан соң Амасияга бардык, ал жерде дарыя боюндагы тарыхый үйлөр жана хан сарайлары биздин көңүлүбүздү өзүнө бурду. Акырында Чорумга сапар тартып, археологиялык жайлар жана музейлер аркылуу Хетт падышалыгынын байыркы цивилизациялары менен тааныштык. Ар бир шаар өзүнүн тарыхы, маданий мурасы жана кооздугу менен таасир калтырды.

Азырынча шаарлардын кооздугуна суктанып, сүрөттөрдү көрүп туруңуздар. Кийинки макалалар бай тарыхты камтыган, мен көргөн баалуулуктарга бай маалыматтар менен коштолот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: