Төө-Ашууга 11,5 чакырымдык жаңы тоннель салынат
Бүгүн, 2-декабрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууга "Келечек" альтернативдик тоннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, макулдашууга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана "Тез Жол" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилеринин ортосунда кол коюлган.
"Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан, узундугу 11,5 чакырымды түзгөн жаңы тоннель жыл бою коопсуз жүрүүнү камсыздайт. Долбоордо эки төлөм алуу пункту, жалпы 31,3 мегаватт кубаттуулуктагы эки кичи ГЭС жана заманбап башкаруу системи каралган",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, аталган ашуудагы азыркы тоннель деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 2,6 чакырым.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:15
2025-12-18
17:34
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















