Өлкөдө апта соңунда кар жаашы күтүлөт
Кыргызстанда ушул аптанын акыркы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун сайтында көрсөтүлөт.
Андагы маалыматка ылайык, жума күнү көпчүлүк өрөөндөрдө түнкүсүн жаан, ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Эс алуу күндөрү өлкөнүн көпчүлүк жеринде кар жаайт.
Аталган күндөрү абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +2 ... +7 градус болот. Ал эми өлкөнүн түштүк тарабында түнкүсүн -1 ... -2, күндүз +7 ... +9 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн -14 градуска чейин суук болушу күтүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:15
2025-12-18
17:34
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















