super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Инвестиция жана Транскаспий коридору. Казакстан жана ЕБдин кызматташуусу Брюсселде талкууланды

 

Брюсселде Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Европалык комиссиянын эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө Казакстан менен Евробиримдиктин экономикалык кызматташтыгынын абалы жана келечеги, ошондой эле Европа биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрү – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Өзгөчө көңүл Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутуна бурулду. Өзбестандын Самарканд жана Ташкент шаарларында өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулар каралды, анын ичинде логистика, санариптик инфраструктура жана порттор менен жолдорду модернизациялоо боюнча аймактык долбоорлор камтылды.

Андан ары Кошербаев жана ЕБтин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Каи Калластын катышуусунда "Казакстан – ЕБ" кызматташтык кеңешинин 22-сессиясы өттү. Жолугушуу Казакстан менен биримдиктин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине 10 жыл толуусуна байланыштуу уюштурулду.

Сүйлөшүүлөрдө эки тарап экономикалык байланышты негизги приоритет катары белгилешти. Европа биримдиги Казакстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөш бойдон калууда. 2024-жылы товар жүгүртүүсү болжол менен 50 миллиард долларга жеткен, европалык инвестициялардын көлөмү 200 миллиард доллардан ашкан, өлкөдө 4 миңден ашык европалык компания иштейт. Казакстан өз айыл-чарба продукциясын ЕБ рыногуна чыгарууну жана сооданы диверсификациялоону каалай турганын билдирди.

Ошондой эле "жашыл" жана санариптик трансформацияны өнүктүрүү, парламент аралык байланышты кеңейтүү маселеси талкууланды. Гуманитардык багытта 2-декабрда Брюсселде виза режимин жеңилдетүү жана реадмиссия боюнча макулдашууларды баштоо маанилүү кадам катары бааланды.

Жолугушуу соңунда тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө, соода жана инвестицияларды көбөйтүүгө, транспорттук байланыштарды чыңдоого жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө берилгендиктерин дагы бир жолу тастыкташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: