super.kg logo

Бишкек ШИИББи: Өлкө боюнча кылмыштардын 40,5 пайызы борбор шаарда катталган

 

Борбордо катталган кылмыштардын саны жалпы өлкөнүн көрсөткүчүнөн 40,5 пайызды түзөт (Кыргызстан – 23 611, Бишкек – 9 565), башкача айтканда ар бир экинчи кылмыш Бишкек шаарында жасалган. 

Борбордогу ШИИББинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, көрсөткүчтөгү пайыздык айырмачылыкка социалдык-экономикалык кырдаал, жумушсуздук, миграциянын курчтугу себеп болууда.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Александр Белунскастын айтымында, укук коргоо органдары кылмыш иштерин тергөөдө, коомдук тартипти сактоо менен бирге террорчулук менен экстремизмдин алдын алууга аракет кылышууда. 

Бүгүн, 20-январда борбордогу шаардык ички иштер башкы башкармалыгында 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. Ага ички иштер министри Абдулда Суранчиев, ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев жана райондук ички иштер башкармалыгынын башчылары катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: