super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ташиевдин атын жамынган жаран ири суммадагы акча алганы үчүн камакка алынды (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, ири суммадагы акчаны ээлеп алган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Б.у.Т. аттуу кыргыз жараны Ташиев менен байланышы бар экенин шылтоо кылып, Д.А.нын ишенимине кирип, ар кандай иштер үчүн системалуу түрдө каражат алган. Ошентип ал 2024-жылдан 2025-жылга чейин арыз ээсинин ири суммадагы акчаларын ээлеп алган. Шектүү телефон аркылуу жабырлануучуга байланышып, Ташиевдин сүрөтү чегерилген килем-портретин көрсөтүп, аны төрагага белек катары алганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган Б.у.Т. камакка алынды.






Ташиевдин атын жамынган жаран ири суммадагы акча алганы үчүн камакка алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: