Өлкөдө күн электр станциясын куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда
Кечээ, 1-декабрда Энергетика министрлигинде Министрлер кабинети менен Sonningdale Limited жана "РЭЦА" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык макулдашууга, кошумча дагы бир келишимге кол коюлду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.Кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынын Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп калды.
"Документ - баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин жана колдонуудагы укукту өзгөртүүнү тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган. Кошумча макулдашуу ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди жана колдонуудагы инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат", - деп белгиленген маалыматта.
Маалымат катары: Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 киловатт электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:05
2025-12-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















