Бишкекте жол кырсыгынан жеңил унаа оодарылып кетти (видео)
Бүгүн, 2-декабрда Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кырсык Байтик баатыр көчөсүндө катталган. 1996-жылы туулган У.у.Д. аттуу айдоочу Хонда Фит улгүсүндөгү унаасы менен бара жатып алдындагы Киа Морнинг унаасын сүзүп, соккудан улам Фит оодарылып, каршы тилкеде келе жаткан Дэу Нексияны да сүзгөн.
Окуядан кийин Фиттин айдоочусу медициналык жардам сурап кайрылды.
Үч унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, окуянын жагдайын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.
Бишкекте жол кырсыгынан жеңил унаа оодарылып кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:11
2025-12-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















