super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Президент өлүм жазасын киргизүү боюнча сунушту Конституциялык сотко жөнөттү

 

Конституциялык сот мамлекет башчысынын "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун кароого жана ага расмий корутунду даярдоого арналган сунуштамасын кабыл алды.

Соттон маалымдашкандай, мыйзам долбоорунда Баш мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө түзөтүү киргизүү каралууда. Бул түзөтүү балдарга карата сексуалдык мүнөздө жасалган өзгөчө оор кылмыштарга, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүүгө байланыштуу учурларда жазанын өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт.

Тиркелген материалдарда белгиленгендей, мындай демилге акыркы жылдары балдарга жана аялдарга каршы жасалган өзгөчө оор кылмыштардын көбөйүшүнө жооп катары сунушталууда. Өкмөт бул кадам аркылуу алардын конституциялык жана укуктук жактан корголушун күчөтүүнү көздөйт.

Президент Конституциянын 116-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык соттон мыйзам долбоору боюнча расмий корутунду берүү өтүнүчүн жолдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: