super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте ижарага жашаган студенттер үй кожоюнун жана анын баласын сабаганы айтылууда (видео)

 

Бишкекте үйүн ижарага алып жашаган студенттер үй кожоюнун жана анын жашы жете элек баласын сабап кетишти. Бул тууралуу үйдүн ээси билдирип, алар онго жакын чет өлкөлүк жаран болгонун кабарлады.

Пикир келишпестик студенттерге үй эрежелерин эскерткенден кийин келип чыккан. Үй ээсинин айтымында, аларга үйдө тамеки чекпөө жана түнкүсүн кыздарды чакырбоо сунушу айтылган, бирок студенттер эскертүүнү укпай, тирешүү мушташка айланган.

Жабырлануучу жана анын уулу бир нече жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Ал эми шектүүлөрдүн экөөсү гана кармалып, калганы качып кеткендиги кошумчаланды.

Жабырлануучулардын үй-бүлөсү окуяны адилет иликтеп, бардык катышуучуларды жоопко тартууну талап кылууда.






Бишкекте ижарага жашаган студенттер үй кожоюнун жана анын баласын сабаганы айтылууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: