Бишкекте үй кожоюнуна кол салган 2 чет элдик жаран кармалды
Бишкектин Октябрь райондук милициясы 25-ноябрда Рухий Мурас-1 дарегинде бычак менен жаракат келтирүү фактысы боюнча чет элдик жарандарды кармаганын маалымдады.
Маалым болгондой, милицияга М.Ж. жана С.Э. аттуу жабырлануучулар жазуу түрүндө арыз менен кайрылышты.
Бул факт боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Натыйжада 2005-жылы туулган М.С. жана 2006-жылы туулган С.А. кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Октябрь райондук соту шектүүлөргө камакка алуу чарасын карап, алар СИЗО-1ге киргизилди.
Тергөө иштери улантылып жатат.
Айта кетсек, буга чейин жабырлануучулардын кайрылуусу жарыяланган. Аларга 10го жакын чет өлкөлүк кол салууга аракет кылганын белгилешүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















