"Жумуш орундар түзүлүп жатат". Өкмөт башчынын майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-декабрь – майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.
Өкмөт башчынын айтымында, республика боюнча 221 миң адам майыптыгы менен жашап, алардын 37 миңден көбү балдар.
"Кырдаалды жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүп жөлөк пулдарды берүү менен чектелбестен, толук кандуу билим алуу, кесиптик даярдоо, сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр, реабилитация жана абилитация, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана эмгек рыногунда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү милдеттери дагы каралууда.
Ошону менен бирге майып болуунун себептерине көңүл бурулуп, автокырсыктардын жана башка кырсыктардын алдын алуу, өлкөнүн ар бир жаранынын ден соолугуна кам көрүп, оору-сыркоолорду ырбатып жибербей айыктыруу боюнча иштер болуп жатат.
Индустрия доорунда жана андан кийинки технотрон доорунда ар кандай иштерде басым кара күчкө эмес, интеллектке басым болгонуна байланыштуу майыптыгы бар жарандардын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Өзгөчө санариптештирүү бул иште өзгөчө таасирин тийгизүүдө. Бир жагынан билим алууга шарт түзгөн интернет каналдар пайда болуп, экинчи жагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да ыңгайлуу жумуш орундары түзүлүп жатат.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, жарандык коом, социалдык кызматтар жана ыктыярчылар биргеликте реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, билим берүү мекемелеринин жана коомдук жайлардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, санариптик платформалардын инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө. Мунун баары майыптыгы бар жарандардын коомдун толук кандуу мүчөсү болуусуна шарт түзүүдө",- деди ал.
Ошондой эле Касымалиев өзгөчө муктаждыгы бар жарандарыбызды колдоо боюнча аракеттерди улантуу жалпы коомдун милдети экенин, мамлекет бул багыттагы саясатын мындан ары да үзгүлтүксүз жана системдүү жүргүзө берерин белгилеген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















