БШК төрагасы талапкер Бактыбек Сыдыков тууралуу тараган видео текшерилерин билдирди
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров №13 округдагы видео текшерилип, тийиштүү чечим кабыл алынарын билдирди.
- "№13 округ боюнча социалдык тармактарда маалыматтар чыгып жатат. Бизге да арыз түштү. Азыр видео маалыматтар келсе, аны карайбыз. Эгерде ал факт орун алган болсо, ошол шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар толугу менен жокко чыгарылат",- деди ал.
Шайназаров даттануу арызы түшкөн бардык шайлоо тилкелери боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарда Ноокендеги №2410 шайлоо тилкесинде добуш саноо урнасынын үстүнө телефон аркылуу видеокөзөмөл орнотулганы тартылган видео тараган. Аны орноткондор укук коргоо органдарына депутатыкка талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү экенин айтышкан. Жалал-Абад облустук милициясы окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын билдирген.
Айта кетсек, Бактыбек Сыдыков автоматтык эсептөөчү урналардын чыгарган жыйынтыктары боюнча №13 округдан биринчи орунга чыккан.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















