super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Токтогулда жаңы бетон заводу ачылды

 
Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес тилкесинде жаңы бетон заводдун ачылыш аземи болду. Ага район акими Акылбек Тюкебаев, бетон заводдун башчысы Станислав Заяшников, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бетон заводу “Астория Групп” ЖЧК тарабынан курулуп, анын курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында башталган. 2025-жылдын март айында завод тесттик режимде ачылып иштеп баштаган, жалпы 20 жумуш орунун түздү.
Ишкана эки цехтен турат:
  • таш майдалоо цехи,
  • бетон өндүрүү цехи.
Заводдун өндүрүш кубаттуулугу:
  • 1 саатта 200 тонна таш майдалоо,
  • 1 саатта 160 куб метр бетон аралашмасы чыгаруу.
Өндүрүлгөн продукция Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жана жергиликтүү калкка сатыкка чыгарыларын билдирет акимчилик.
Баалар төмөнкүдөй:
  • майдаланган таш – 1 тоннасы 720 сом
  • кум – 1 тоннасы 850 сом
  • бетон – 1 метр кубу 6500 сомдон 9000 сомго чейин.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: