super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

БШК төрагасы: "Кыргызстан шайлоону дүйнөдө алгачкы болуп жаңы систем менен өткөрдү"

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп шайлоону жаңы систем менен өткөргөнүн билдирди.

Анын айтымында, кезексиз парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде таза өттү.

"Шайлоо кынтыксыз, так, мыйзам чегинде өттү. Биз шайлоочуларга шарт түзүп бердик. Жарандарыбыз шайлоо күнү дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун каалаган шайлоо тилкесинен добуш бере алышты. 30-ноябрь күнү саат 20:00дө шайлоо бүттү, саат 20:01де түз эфирде жыйынтыктар көрсөтүлдү. Буга бүт дүйнө күбө болду",- деди Шайназаров.

Айта кетсек, 3 күн мурун, тагыраагы, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Автоматтык эсептөөчү урналардын чыгарган жыйынтыктары боюнча кимдер депутаттык мандатка ээ болот? Бул жерден окуңуз. Ал эми расмий жыйынтык 14-декабрга чейин чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: