Тажикстанда Ооганстандан жасалган чабуулдан Кытайдын үч жараны каза болду
Тажикстандын түштүгүндө Ооганстан тараптан уюштурулган куралдуу чабуулдан Кытайдын үч жараны курман болду. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, окуя ноябрдын аягында Хатлон облусунун Ооганстан менен чектеш Шамсиддин Шохин районунда болгон. “Шохин СМ” компаниясынын кызматкерлерине ооган аймагынан келген кылмышкерлер кол салышканы айтылат.
Чабуул ок атуучу курал жана граната ташуучу учкучсуз аппараттын жардамы менен жасалган. Натыйжада мекеменин үч кызматкери каза тапты.
Окуя болгон аймак Хатлон облусунун "Ёл" чек ара отрядынын курамындагы “Истиклол I” чек ара заставасынын жоопкерчилик зонасына кирет.
Министрлик Тажикстан чек арада коопсуздукту чыңдоо жана Ооганстан менен өз ара кызматташууну колдоо боюнча туруктуу иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп, бирок Ооганстанда жайгашкан кылмыштуу топтор чек арадагы абалды туруксуздандырууну улантып жатканын билдирди.
Тажик тарап чабуулду жана Кытай жарандарынын өлүмүн кескин айыптап, Ооганстандын азыркы бийлигин чек арада туруктуулукту камсыз кылуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















