Элдик Банк - жаңы ESG Борбордук Азиянын багыттамасы!
“Элдик Банк” ААК таасирдүү көрсөткүчкө жетишип, S&P Global беделдүү дүйнөлүк рейтинг агенттигинин ESG 60 упайына ээ болду – бул Кыргызстанды туруктуу каржылоонун дүйнөлүк картасына киргизген жыйынтык.
Бул жогорку ESG көрсөткүчү банктын ачык-айкындуулугунда, экологиялык жоопкерчилигинде жана корпоративдик түзүмдүн бардык деңгээлдеринде ишке ашырылган социалдык адилеттүүлүк принциптерине негизделген терең трансформациясын тастыктайт. ESG 60 рейтинги учурдагы эл аралык таанылган ачыкка чыгаруу стандарттарына ылайык аткарылган 2024-жылга чейин туруктуу өнүгүү тууралуу Отчетту даярдоонун кеңири ишинин түздөн-түз натыйжасы болду.
Банк ESG жана туруктуу банкингте улуттук лидер, ошондой эле аймактагы жашыл экономиканын негизги кыймылдаткычтарынын бири катары өзүнүн ролун бекемдеген экинчи жылдык ESG отчетун сыймыктануу менен тартуулады.
“S&P Global - ESG Score 60 - бул биздин банк үчүн жаңы этаптын башталышы жана келечек үчүн маанилүү жоопкерчилик. Бул рейтинг бизде күчтүү корпоративдик башкаруу бар экенин жана банкта ESG мамилеси чындап иштеп жатканын көрсөтүп турат. Биринчи жолу биз климаттык эсептерибизди жаңы IFRS S1, S2 жана Scope 3 стандарттарына ылайык жүргүздүк, анын ичинде каржыланган чыгындылар үчүн эсептөөлөр (Category 15), бул бизге долбоорлорду кредиттөөдө негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Жогорку рейтинг банктын туруктуу өнүгүүсүн жана ESG принциптерине берилгендигин чагылдырат”, - деп Башкарманын Төрагасы Уланбек Ногаев баса белгиледи.
Элдик Банк Борбордук Азиянын финансы секторуна үлгү көрсөтүүнү улантууда, туруктуу өсүү бүгүн күчтүү стандарттар, экологиялык маалымдуулук жана социалдык миссия аркылуу мүмкүн экенин көрсөтүп, инновациялар коопсуздук жана туруктуулуктун ажырагыс келечегин түзүүдө.
Улуттук Банктын №033 лицензиясы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















