Шайлоо кандай өттү? Депутаттык мандат алуу бактысы буюруп тургандар тууралуу эки ооз сөз
Өлкөдө 30-ноябрда кезексиз парламенттик шайлоо болду. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутаттарды шайлоо жаңы кабыл алынган мыйзам менен өттү.
Аталган мыйзамдын кабыл алынышы VII чакырылыштын депутаттарынын таркашынын себептеринин бири болду. Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган.
Жаңы мыйзамдагы гендерлик квота парламентке айымдардын көбүрөөк келишине мүмкүнчүлүк ачып берди. Эми бул чакырылышта 90 эл өкүлүнүн 30у айымдар болмокчу.
30-ноябрда өткөн шайлоонун алдын ала чыгарылган жыйынтыктарына таянып, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутат болуп келиши ыктымал делген 90 талапкерди тизмектедик. Тизмени бул жерден көрсөңүз болот. Мыйзамдагы квота менен келген 30 айымдын тизмесинин шилтемесин да карап көрүңүз.
Айтмакчы, автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарын карасак, эң көп добуш топтогон 5 талапкер тең мурунку депутаттар.
Ошондой эле бул чакырылшка келчү 90 адамдын 51и VII чакырылышта депутат болгондор. Алардан сырткары V жана VI чакырылышта депутат болгондор бар. Ал эми VII чакырылыштын 28 депутатына бул жолу ийгилик жылбайдады. Мандат алуу буюруп тургандардын эң жашы 25те болсо, эң улуусу 69 жашта. Алар кимдер?
Бул жыйынтыктар өзгөрүшү ыктымал. БШК расмий жыйынтык 14-декабрга чейин чыгарын белгилейт. Баштапкы жыйынтыктан өзгөргөн учурлар да болду.
Алсак, 30-ноябрь күнү шайлоо бүткөндө чыккан жыйынтыктан бир күн өтүп, №24 жана №18 округда өзгөрүү болду. Буга аралыктан берилген добуштар, тагыраагы, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын добушу себеп.
№24 округдан экинчи келе жаткан Арафат Исмаилов Улукбек Карыбек уулунан калып калса, №18 округдан Бакыт Чомоев Эркин Бийбосуновдун ордуна экинчи болуп чыкты.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров кезексиз парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде таза өткөнүн айтууда. Бирок мурунку депутат Элдар Абакиров өзү ат салышкан №26 шайлоо округунда мыйзам бузуулар болгонун билдирип, БШКга арыз жазды. Социалдык тармактарда дагы добуш сатып алуулар болгондугу айтылган видеолор тарады. Шайназаров бардык даттануулар караларын, мыйзам бузуулар аныкталган шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар толугу менен жокко чыгарыларын айтты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















