Чүйдө бала бакча имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды
Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Золотой колосок" бала бакчасынын имараты жана анын 1 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Башкы прокуратура кабарлагандай, имарат жана жер тилкеси мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөй, муниципалдык баланста турбастан, муниципалдык мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу боюнча белгиленген тартипти бузуу менен жеке тараптар пайдаланып келгени аныкталган.
Прокурордук чара көрүү актысынын алкагында наркы 111 миллион 93 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:11
2025-12-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















