super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Ош облусунун жаңы башчысы эмгек жамаатка тааныштырылды

 
Бүгүн, 3-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Аманкан Кенжебаев эмгек жамаатка тааныштырылды. Маалыматты өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жаңы жетекчини жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри, аппарат кызматкерлери, район акимдери, ошондой эле облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар катышты.
Амангелдиев аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууда өкүлчүлүктүн маанилүү ролу бар экенин, калк менен тыгыз иш алып баруу жана президенттин тапшырмаларын так аткаруу зарылдыгын баса белгиледи. Ал бул жаатта Кенжебаевдин тажрыйбасы бар экенин айтып, ага жаңы кызматында ийгилик каалады.
Жолугушууда буга чейин Ош облусун башкарып келген Элчибек Жантаевдин кызматтык ишинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялап, райондорго үзгүлтүксүз чыгып, калк менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурганы үчүн жогору бааланды. Ошондой эле Жантаевге “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: