Кочкордо арзан баада эт сатуу боюнча жарманке уюштурулууда
Нарын облусунун Кочкор районунда арзан баада эт сатылуучу социалдык жарманке өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта баалардын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык жактан аярлуу жарандарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктогу туруктуулукту сактоо максатында аталган жарманке уюштурулууда.
Иш-чара Кочкор районундагы мамлекеттик мекемелер тарабынан өткөрүлүүдө.
"Жарманкенин алкагында район тургундарына 600 сомдон сапаттуу эт продукциялары сунушталат. Социалдык колдоого багытталган бул иш-чара ар аптанын ишемби күндөрү саат 10:00дөн баштап өткөрүлүп, жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылат",- деп билдирди министрлик.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















