УКМК Кытай жарандарынын никеси тууралуу айтылган кептерге жооп берди
Социалдык тармактарда Кыргыз жарандары менен Кытай жарандарынын ортосунда никелер көбөйдү деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөрүн белгиледи. Алардын көпчүлүгү Кытай өлкөсүнүн жарандарынын ортосунда түзүлгөн. Тагыраагы, уйгурлар, дунгандар жана башка улуттун өкүлдөрү.
Ошол эле учурда кытай улутундагылардын ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт. Булардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер.
УКМК жогорудагыларды мисал кылып, социалдык тармактарга тараган маалыматтарды чагымчылдык деп мүнөздөдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















