Шайлоодо жеңилип, Ошко губернатор болгон Кенжебаев тууралуу маалыматтар
Бүгүн, 3-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманкан Кенжебаев дайындалганы маалым болду. Ал аталган кызматка 3 күн мурун, тагыраагы, 30-ноябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо тиешелүү добуш топтой албай калгандан кийин бекитилди.
Кенжебев Жогорку Кеңештин депутаттыгына №19 шайлоо округунан талапкерлигин койгон. Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарына таянсак, ал 5-орунда. Бир округдан 3 адам гана депутаттык мандат алат.
Ош облусунун жаңы башчысы жамаатка тааныштырылып, мурунку жетекчи Элчибек Жантаевге "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Эми Жантаев мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорулук кызматын аркаламакчы.
Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Ал Чүйдүн Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаты (2004-2008), андан кийин Сокулуктун Военно-Антоновка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты (2008-2011) да болгон.
2012-жылдан 2017-жылга чейин Сокулук районунун акими. Кийин кайра 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын май айына чейин аталган районду жетектеген. Мындан тышкары, 2021-жылдын майынан октябрына чейин Оштун Кара-Кулжа районунун акими болгон.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, ал 1999-2001-жылдары "Бишкек" эркин экономикалык аймагынында (“Бишкек” ЭЭА) бир катар кызмат орундарын аркалаган. 2001-2011-жылдары "Бишкек" ЭЭА жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу болсо, 2011-2012-жылдары "Бишкек" ЭЭА ЖЧКсынын директорунун орун басарлыгын аркалаган.
Мындан тышкары, эмгек жолунда (1990) Ленин атындагы колхоздо ферманын эсепчиси, (1991-1993) Айыл чарба министрлигинде зоотехник, (1993-1996) "Шорго" айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, (1997-1998) "Бек-Констракшн" фирмасында жабдуучу, (2001-2003) "Арна" ЖЧКсынын башкы директору, (2005) "Баден-Сервис" курулуш компаниясында башкы директору да болгон.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















