Маектин сапатын 20-30 пайызга төмөндөтөт. Смартфонго көз карандылыкты азайтуу жолдору
Бүгүнкү күндө биз таңды кофенин жыты менен эмес, смартфондун экранынан келген биринчи эскертме менен тосуп жатабыз. Смартфондор бизге дүйнөнүн бардык маалыматын жеткирип, жашообуздун бардык катмарында жеңилдиктерди берип келет. Бирок аны менен бирге ал адамдын психологиясына терс таасир тийгизип, көз карандылык, социалдык обочолонуу жана көңүл чөгүү сыяктуу көйгөйлөрдү жаратууда. Мындан улам смартфонго көз карандылык, Phubbing жана FOMO сыяктуу жаңы терминдер пайда болуп, психологдор алардын адамдын жашоосуна жана психикалык абалына тийгизген таасирин изилдешүүдө.
Phubbing (фаббинг) термини 2012-жылы Австралияда пайда болгон. Аны McCann Melbourne жарнак агенттиги жана Macquarie Dictionary сөздүгүнүн редакторлору атайын жаңы социалдык көрүнүштү аташ үчүн ойлоп табышкан.
2010-жылдарда смартфондор адамдардын күнүмдүк жашоосуна толук кирип, жада калса адамдар маектешип отурганда да, каршысындагы адамга көңүл бурбастан, телефонго алаксып кетүү көп байкала баштаган. Термин англисче эки сөздөн куралат: phone (телефон) + snubbing (көңүл бурбоо). Ошентип phubbing адам менен сүйлөшүп же бирге отурганда ал адамга көңүл бурбай ойду толугу менен телефонго буруп коюу деген жүрүм-турумду билдирет. Бул түшүнүк смартфондун адам аралык байланыштарды бузуп жатканын көрсөтүү үчүн чыгарыла турган атайын кампаниянын бир бөлүгү болгон.
Термин бат эле дүйнөгө таралып, Социалдык психология, коммуникация, медиа чөйрөдө жана үй-бүлөлүк мамилелер боюнча изилдөөлөрдө кеңири колдонулуп калды. Бүгүнкү күндө phubbing санариптик маданияттагы эң кеңири талкууланган терс адаттардын бири болуп эсептелет.
Смартфонго көз карандылык - бул адамдын телефону менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, башка иштерге анча көңүл бура албай калуусу. Бул жөн гана көп телефон колдонуу эмес, психикалык деңгээлде ага "өзүнчө муктаждык" сезүү болуп саналат. Бул көз карандылык адамдарды реалдуу жашоодон алыстатат, психикалык жана эмоционалдык абалына таасир этет. Жадакалса бул азыркы учурда ооруга айланууда. Андай адамдар телефонду өзүнүн бир бөлүгү катары көрөт, телефонго эч кандай белги келбесе дагы дайыма текшерип турат, социалдык медиаларды өзүнүн виртуалдык жашоосундай көрөт. Телефонду колдонбосо тынчсызданат, чыдабай кыйналат. Жалпылап айтканда телефон менен ойгонуп, телефон менен уктайт. Мына ушул белгилер кимде болсо ал өзүн смартфонго көз каранды деп билсе болот. Анан, албетте, бул оорунун өзүнүн жаман кесепеттери да бар. Адистердин айтымында, аларга төмөнкүлөр кирет: көңүл бурбоо жана концентрациянын төмөндөшү, уйкусуздук, стресс, физикалык чарчоо, социалдык байланыштардын начарлашы, өздүк бааны төмөндөөсү, өзүн башкалар менен көп салыштыруу.
Смартфондор адамдын жашоосуна толук кирип калгандыктан, алардын терс таасирин толук жок кылуу мүмкүн эмес, бирок туура адаттарды калыптандыруу аркылуу көз карандылыкты да, phubbing'ди да бир топ азайтууга болот. Биринчи кезекте, адамдар өзүнүн реалдуу жашоосундагы байланыштарды биринчи орунга коюуну үйрөнүшү керек. Төмөндө бүгүнкү күндө психологдор сунуштаган эң негизги чечүү жолдору көрөсөтүлгөн.
1. “Digital Detox” – санариптик тазалануу
Бул белгилүү убакыт аралыгында телефонду атайын колдонбоо. Мисалы, күнүнө 1-2 саат телефонсуз өткөрүү, балким, жекшемби күндү "телефону жок күн" кылуу же жумасына бир жолу социалдык тармактарды толугу менен өчүрүп коюу. Бул ыкма мээнин кайра тынч абалга келишине жана эмоционалдык чарчоону азайтууга жардам берет.
2. Уйку алдында смартфон колдонбоо
Уйкуга 1 саат калганда телефонду колдонбоо психологияда эң эффективдүү эрежелердин бири. Смартфондун көк жарыгы уйку гормону мелатонинди төмөндөтүп, уйкусуздукту күчөтөт, бул өз кезегинде стрессти жана күнүмдүк чарчоону көбөйтөт.
3. Эскертмелерди (notifications) өчүрүү
Көпчүлүк адамдар телефонду "мен каалаган үчүн" эмес, "белги келди" деген рефлекс менен колдонот. Эскертмелерди өчүрүү, мээни ашыкча жооп кайтаруу реакцияларынан бошотуп, көз карандылыкты бир кыйла азайтат. Телефонду текшерүү жыштыгы да төмөндөйт.
4. Бетме-бет маек үстүндө телефонду столго койбоо
Изилдөөлөргө ылайык, телефон колдонулбаса дагы столдун үстүндө болуусу, маектин сапатын 20-30 пайызга төмөндөтөт. Бул учурда мээнин автоматтык түрдө "азыр белги келиши мүмкүн" деп алаксып турганы үчүн болот. Ошондуктан маекте телефонду баштыкка, чөнтөккө же башка бөлмөгө коюу сунушталат.
5. Колдонуу убактысын чектеген таймер же колдонмолор
Телефон өндүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгүндө (iPhone – Screen Time, Android – Digital Wellbeing) колдонуу убактысын чектеген функциялар бар. Белгилүү колдонмолорго (мисалы, TikTok, Instagram) күнүнө 30-60 мүнөт лимит коюу көз карандылыктын күчөшүн алдын алат.
6. Реалдуу жашоо активдүүлүгүн көбөйтүү
Телефондон алыстоо кээде жөн гана альтернативанын жоктугунан улам кыйын. Ошондуктан хобби, спорт, китеп окуу, коомдук иш-чаралар, дос-жарандар менен телефондо эмес, бетме-бет жолугуу сыяктуу реалдуу жашоо активдүүлүктөрүн көбөйтүү phubbingди да, FOMOну да бир топ азайта турган күчтүү фактор.
7. Санариптик маданият боюнча аң-сезимди жогорулатуу
Phubbing сыяктуу адаттар кээде адам аңдабай турса да калыптана берет. Ошондуктан санариптик этиканы үйрөнүү, "телефонду колдонуу маданиятын" түшүнүү, өзүңдүн жүрүм-турумуңду байкоо жана көзөмөлдөө көйгөйдү чечүүнүн эң узак мөөнөттүү, сапаттуу жолу болуп эсептелет. Ар бир адам санариптик адепти түшүнгөндө гана бул көйгөй коомдук масштабда азаят.
Смартфон бул өзү жаман эмес, аны кантип жана канчалык колдонуу маанилүү. Адам санариптик маданиятты үйрөнүп, телефонду жашоосуна эмес, жашоосун телефонго баш ийдирбегенде гана бул көйгөйлөр азаят. Көз карандылыкты азайтуу, жеке убакытты туура пландаштыруу жана чыныгы адамдар менен болгон байланышты биринчи орунга коюу психикалык ден соолук үчүн эң маанилүү кадамдар. Демек, технология бизди эмес, биз технологияны башкарган кезде гана смартфон бизге дос, жардамчы, пайдалуу курал болуп кала алат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















