Кыргызстандык мушкерлердин айынан Дубайдагы Дүйнө чемпиондугу жылдырылды
Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун башталышы бир күнгө жылдырылды. Маалыматты Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ырастады.
Маалымдалгандай, буга кыргызстандык мушкерлерге визанын кечигиши себеп болгон. Ага ылайык, бүгүн, 3-декабрда баштала турган Дүйнө биринчилиги 4-декабрга жылдырылган.
Буга чейин Бокс федерациясы өлкө курамасынын көпчүлүк мушкерлери визанын айынан турнирге катыша албай калышканын кабарлаган. Кийинчерээк федерация президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү менен маселе чечилгенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-12-03
21:06
2025-12-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















