Орунтаев Кочкордогу стадионду оңдоп-түзөө иштери боюнча эскертүү берди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы бир катар курулуш объекттериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты.
Министр ири реконструкциядан өтүп жаткан борбордук стадиондо куруучулардын саны аз экенин жана иштердин белгиленген мөөнөттөн артта калып жатканын көрүп, подрядчы уюмга эскертүү берди. Ошондой эле бир жуманын ичинде жумушчу күчүн көбөйтүп, курулуш иштерин жандандыруу талабын койду.
Долбоорго ылайык, стадион 4000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталат. Ал чуркоо жолдору бар футбол талаасынан, трибуналардан, VIP-аймактан жана машыктыруучулар менен оюнчулар үчүн зарыл болгон спорттук бөлмөлөрдөн турат. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, автоунаа токтотуучу жай курулат. Жалпы аянты - 2456,93 чарчы метр.
Курулуш министрлиги белгилегендей, стадион 1980-жылы курулуп, ошондон бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















