"Бул күн болгону - бир бактылуу мүнөт". Ырчы Неля Нуркулова 42 жашка толду

Сүйүктүү жар, мыкты эне болуу менен бирге чыгармачылыкты дагы алып келе жаткан ырчы Неля Нуркулова бүгүн, 3-декабрда 42 жашка толду. Ырчы айымды социалдык тармактар аркылуу жакындары, чыгармачылыктагы кесиптештери туулган күнү менен куттуктап жатышат.
Ал эми жолдошу ырчы Урмат Усенов жубайына ыраазычылык билдирип, ага жылуу сөздөр менен пост жазган.
"Дагы бир жыл сени менен бирге өткөнүнө чексиз шүгүр. Сенин барың өзү бакыт. Сенден мага башка эч нерсе керек эмес. Ар бир көз ирмем сайын арабыз алыстабай, жанашып жакын бололу. Бул күн болгону бир бактылуу мүнөт, максатым Эгебизден энчиленген жашоодо ар бир күн жаныңда болуу.
Бактыбызга жакындарыбыз, балдарыбыз бар болсун! Сен эстүү жансың. Сенин мага берген демиңе эч бир тоскоолдук жолтоо боло албайт. Аркамда турсаң али далай жеңиштерге жетебиз. Бар бол, байланган бактым, алмашкыс асыл жаным",- деп билдирүү калтырган.

Үйдө гана эмес, сахнада дагы таттуу түгөйлөр буга чейинки маектеринде чыгармачылыктагы ийгиликтеринен мурда бирин-бири тапкандыгы үчүн көбүрөөк кубанышарын айтып келишкен. Жубайлар 2008-жылы баш кошушкан. Учурда алардын бир кыз, бир уулу бар.
Ырчы айым 1983 -жылы 3-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2006, 2008-жылдары "Супер ырчы айым" наамынын ээси болгон. Сахнага "Жалган", "Жок, жок", "Балалыгым" аттуу ырлары менен кадам таштаган.
3-декабрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















