Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт
Бишкектин айрым жерлеринде эртең, 4-декабрда саат 10:00дөн 24:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Селекционное көчөсү – Муромская көчөсү – Биримдик көчөсү – Жайыл Баатыр көчөсү.
Бул аймактарда суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















