super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

БШК №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жараксыз деп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда мекемеден билдиришти.

БШКнын маалыматына караганда, талапкерлердин биринин тарапташтары добуш берүү учурунда шайлоочуларды видеого тартып, купуя добуш берүүнүн тартибин бузганы далилденген. Мындай мыйзам бузуулар тууралуу социалдык тармактарда да буга чейин айтылган.

Алдын ала маалымат боюнча, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болчу.

Аталган оркургдун борбору: Масы айылы, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.

Шайлоочулардын саны: 159 906;

Чек арасына төмөнкүлөр кирет: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын № 2423, № 2428, № 2140, № 2141 шайлоо участкалары, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары толугу менен; Ноокен районунун Д. Садырбаев, Э. Алиев, Момбеков айыл аймактары жана Кочкор-Ата шаары толугу менен; Майлуу-Суу шаары толугу менен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: